<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Fm</key>
<title>Кечир мени, Теңир, сурайм кечирим РЫЖ335</title>
<lyrics>[V1]
.Fm       Bbm       C       Fm
 Кечир мени, Теңир, сурайм кечирим,
.Bbm        Eb7     Ab
 Кечир мени, Сага өтө кеч келдим.
.Bbm            Eb7      Ab     Db
 Кечир, мен чындыкты эрте билбедим,
.Bbm           C7      Fm
 Башканы Теңир деп, күнөө кетирдим.

[V2]
 Кечир, мен өзүмдү акылдуу сезип,
 Башыңа тикенек таажы кийгиздим.
 Кечир, күнөөлөрдү улам кетирип,
 Мен Сени айкашкан жыгачка кердим.

[V3]
 Сен мени кечирип, өмүр ыйгардың,
 Жашоомду Өзүңдүн колуңа алдың.
 Чындыкты таанытып, көзүмдү ачтың,
 Күнөөнүн сазынан куткарып алдың.

[V4]
 Сыйынып мен Сага, келем алдыңа,
 Ыйык колуң менен жетеле алга.
 Өмүрүм арнаймын, Теңирим, Сага,
 Күнөөнү жеңгенге жардам бер мага.

[V5]
 Сүйлөгөн сөздөрүм, кылган иштерим,
 Даңктап турса экен Сени, Теңирим.
 Сенин жарыгыңды менден көргөндөр,
 Жарыкка тартылып, Сага келишсин.</lyrics>
<hymn_number>809</hymn_number>
</song>